• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жеке жашоосун өзгөртүү үчүн 100 миң доллар берген… Алдамчылыкка шектелген аял кармалды

19 Аяк оона 202514:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Свердлов РИИБдин маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын тургуну өзүн көзү ачык деп атаган аялга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

«Жабырлануучунун айтымында, ал 2022-жылдан 2025-жылга чейин аялга 100 миң доллар берген. Анткени аял жабырлануучуга жеке жашоосун жакшы нукка өзгөртүп берүүнү убадалаган. Аталган факт КРнын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен каттоого алынып, шектүү катары 1995-жылы туулган Б.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө уланууда.

Количество просмотров: 224