• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жекшеев: Карыпбековдун отчетун кароого кворум жок

30 Жалган куран 2018 9:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.03.2018.Govori.TV
Коомдук каналдын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев каналдын башкы директору Илим Карыпбековдун жылдык отчетун кабыл алуу боюнча кеңештин мүчөлөрүнө кат жазганын ырастады. Жекшеевдин айтуусунда почта менен отчет кабыл алдыруу мурда да болуп келген экен. Бул туурасында Жекшеев өзү Govori.TV агенттигине билдирди.
«Азыр байкоочу кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү жүйөлүү себептер менен Бишкекте эмес экен. Карап көрсөм жакында чогула турчудай эмес. Ал эми отчетту кароо Жогорку Кеңеш бекитип берген мөөнөт боюнча 30-марттан кечикпеш керек. Кечээ кворум болбой койду. Ошондуктан байкоочу кеңеш мүчөлөрүнө отчетко сунуш пикириңер болсо почта аркылуу салгыла, сунуштар болбосо кабыл алып берели дегем»,-деп билдирди.
Буга чейин, коомдук каналдын байкоочу кеңешинин мүчөсү төкмө акын Азамат Болгонбаев «Электрондук почтага эле КТРКнын директору Илим Карыпбековдун жылдык отчетун кабыл алууга макулмун деп жазып жиберип койгулачы деп 29-марттан бери КТРКнын байкоочу кеңешинин башчысы Жыпар Жекшеев башка байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө чалып мыйзамсыз отчетту кабыл алуу жүргүзүп жатат»,-деп фэйсбуктагы баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, 29-мартта КТРдин Байкоочу Кеңеши отурумга чогулуп, Илим Карыпбековдун отчетун угуп, кабыл алмак. Бирок, тилекке каршы, Байкоочу Кеңештин көпчүлүгү жыйынга келбей, кворум болгон эмес жана алар бир том отчетту жакшылап окуп, таанышып чыгуу керектигин айтышкан.

2018-жылдын 20-апрелинде каналдын башчысы Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аяктары айтылууда, бирок Жыпар Жекшеев Илим Карыпбековдун мөөнөтү дагы бар деп билдирди.
Количество просмотров: 23