«Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов 2 айга камалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
«Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда турган Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын тургуну, 1971-жылы туулган Досонов Кадырбек Акбарович (кылмыш чөйрөсүндөгү лакап аты Женго) аттуу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Андан кийин сот аны эки айга камады», — деди Абдиев.
Ал кошумчалагандай, башка кармалгандардын баш коргоо чарасы бүгүн каралат.
Эске салсак, Ош шаардык милициясы 13-январга караган түнү Курманжан Датка көчөсүндө жарандарга кол салуу болуп, жеринде бирөө каза болсо, ал эми экинчиси Ош шаардык ооруканасына түшкөн.
Экөө тең Ички иштер министрлигинин реестринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, УКТ мүчөсү катары ИИМ каттоосунда турган Кадыр Досонов жана дагы бир нече шектүүлөр кармалган.