Ошто УКМК тарабынан Кадыр Досоновдун (“Женго” каймана аты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.Т.О. кармалды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ноокат районунун 1973-жылы туулган тургуну КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-берененин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
М.Г.К.га тиешелүү ( мамлекеттик номери 08KG257AGH) Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттары, ошондой эле “ТОЗ-8” маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16мм калибрдеги 10 патрон жана “Сталь” мергенчилик бычагы табылып алынды.
Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык М.Г.К. Баткен РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.