• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Жер энени сактайлы”. Милиция менен окуучулар рэп окушту (видео)

1 Чын куран 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы “Жер энени сактайлы” аталышындагы клип даярдашты.

Облустук милициясынан билдиришкендей, клиптин негизги максаты — бүгүнкү күндө адамдар жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, жаратылышка орду толгус зыян келтирип жаткандыгына багытталган.

Ырчы Тата Улан өзүнүн музыкалык чыгармасын клипте колдонууга уруксат берген. Ырдын сөзү жана клиптин сценарийи облустук милициянын басма сөз кызматы тарабынан даярдалды. Ырды К.Карасаев атындагы “Сапат” лицейинин 5-классынын окуучулары Жасмина Асматова менен Нурэл Мамбеталиев аткарды.

“Бул клип менен биз адам менен табияттын биримдигин, айлана-чөйрөбүз менен болгон байланышыбызды аңдап билүүгө, мекендештерибизди чакыргыбыз келет. Биздин клип кимдир-бирөөлөрдү алгылыктуу иш-аракеттерге шыктандырса, кимдир-бирөөлөрдү терең ойго салат деп чоң ишенич кылып жатабыз. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн, токойлорду сактоо, таштандыларды кайра иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо — кайсы жерде жашап, кайсы жерде иштегенине карабастан, түздөн-түз адамдарга тиешелүү болот”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 199