• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Жерүй кениндеги ишкананын мүлкүн тоноп жаткандар кармалды

6 Тогуздун айы 202021:59 Бишкек Govori.TV

Жерүй алтын кениндеги «Альянс Алтын» ишканасынын мүлкү уурдалып бара жаткан жерде кармалышканы тууралуу маалыматтар айтылып, видео тарады.

Буга чейин, кен иштетүүчу жайга белгисиз адамдардын тобу кирип келген. Ишкананын маалымат кызматы кабарлагандай учурда Талас облусуна убактылуу бийлик дайындоо аракети көрүлүп жатат.

“Алгач облустагы абалды оңдоо керек. Убактылуу облус жетекчилигин дайындап алган соң Жерүйгө барып, эл менен жолугушуу өткөрөбүз. Азыр ал жакта иш убактылуу токтотулду”, – деп билдирди маалымат катчы.

Эске салсак, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Количество просмотров: 92