Бишкекте эркек кишини сабаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-август күнү саат болжол менен саат 18:40та Кайыңды жаңы конушунда болгон. 102 кызматына белгисиз жаран бир кишини сабап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1986-жылы туулган жаран кармалып, Свердлов районунун тергөө кызматына өткөрүп берилди», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Жазык кодексинин 139-беренесине («Ден соолукка оор залака тийгизүү») ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
Эске салсак, социалдык тармактарда белгисиз жаран эс-учу жок жаткан кишини ур-тепкиге алып жаткан видео тараган.