• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоонун мөөнөтү жылдырылат

21 Жалган куран 2020 14:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-мартта Коопсуздук кеңеши чакан курамда жыйынга чогулду. Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгындагы жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэри катышканын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана ата мекендик экономика үчүн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар каралды.

Талкуулардан кийин премьер-министрге өлкө аймагына 22-марттан тарта 1 айлык өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды. Өкмөткө Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен бирге тиешелүү ыкчам план иштеп чыгуу тапшырылды.

Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү эске алуу менен ушул жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердеги шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынды.

12-апрель күнү Кыргызстандагы 25 айыл өкмөттө жана 5 шаарда жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланмак.

Теги:
Количество просмотров: 53