• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо биринчи жолу теледебаттар өткөрүлөт

22 Бирдин айы 2021 15:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо саясий партиялар жана талапкерлер арасында биринчи жолу теледебаттар өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларга аймактык телеканалдардан убакыт бөлүнүп берилет. Учурда дебаттардын темалары, бирдиктүү коюла турган талаптар жана мазмуну талкууланып жатат.

Кошумчалай кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Жалпы 448 жергиликтүү кеңеш бар. Анын 420сы — айылдык кеңеш, 28и — шаардык кеңеш.

Количество просмотров: 92