Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев кыргыз паспортун мыйзамсыз түрдө алган. Бул тууралуу Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова билдирди.
«Депутат Медербек Саккараев 2002-жылдын 17-апрелинен 2022-жылдын 27-декабрына чейинки аралыктагы Кыргыз Республикасынын паспортун мыйзамсыз алган. Тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүлсүн»,-деди ал.
Казакстан элчилигинин маалыматы боюнча, Медербек Саккарев 2021-жылдын 18-ноябрында Казакстандын жарандыгынан чыгарылган.




Ал эми Саккараев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Эске салсак, 2021-жылдын 18-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясы Медербек Саккараевдин Казакстандын жарандыгы бар экени такталган деген негизде аны талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Саккараев БШКнын чечимин сотко берип, Бишкек административдик соту Боршайкомдун чечимин күчүндө калтырган. Кийин Жогорку сот Чүй — Кемин округу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган.