• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жергиликтүү соттордогу 2 судьянын ыйгарым укуктары токтотулду

22 Бугу 2020 15:19 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү соттордогу эки судьянын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка  ылайык, Президент Сооронбай Жээнбековдун атына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тарабынан төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыктарга кол коюлган:

— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Берюева Анаркүл Декановнанын;

— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Субанкулов Адылбек Анарбековичтин.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 69