• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Жети-Өгүздө 100 балага ылайыктуу бала бакча ачылды

23 Баш оона 2023 15:09 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал 100 балага ылайыкташкан. Ошондой эле мында жергиликтүү 19 адам жумуш менен камсыз болот. 

Ачылуу аземине катышкан Жапаров балдардын адам болуп тарбиялануусуна бала бакчалардын артыкчылыктарына токтолду. 

“Балдардын жалпы билим берүү мектептерине барганга чейин бала бакчалар — билим берет жана өнүктүрөт, бала социалдашат, коомго аралашуусуна түрткү болот, балдар өз алдынчалыкка жана жоопкерчиликке үйрөнүшөт, бул ата-энелер үчүн дагы жакшы. Ошол себептүү мамлекет балдарга болгон камкордукту бала бакчалардан баштайт”, — деди ал. 

Белгилей кетсек, 10 миңге жакын жашоочусу бар Барскоон айылында буга чейин 1 бала бакча болгон. Жаңыдан курулган бул имарат эми бала бакча жетишсиздигин жоет.

Количество просмотров: 67