• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жети-Өгүздө мас абалында айылдашын өлтүргөн жаран кармалды

14 Аяк оона 2022 11:51 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүздө мас абалында айылдашын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда Жети-Өгүз РИИБне райондук оорукананын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда ошол эле күнү саат 04:25 чамасында Дархан айылынын 45 жаштагы А.Б. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, эс учун жоготкон абалда ооруканага түшкөнү айтылган.

Жерине барган тергөө-ыкчам тобу Даркан айылынын 31 жаштагы тургуну С.К. жана жабырлануучу спирт ичимдигин ичип, өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин аныктаган. Мушташтын кесепетинен А.Б. алган жаракатынан эс учун жоготуп, көчөдө жатып калган. Жабырлануучу айылдаштары тарабынан ооруканага жетирилип, бирок эсине келбей каза болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелген С.К. 2 айга камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 110