• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жети-Өгүздө жол кырсыгынан 20 жаштагы жигит каза болуп, 8 адам ооруканага түштү

27 Үчтүн айы 202110:42 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 26-январь күнү саат 23:43тө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында BMW 525 жана Subaru Legasy үлгүлөрүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болуп, 8 адам жабыркаган.

Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген. Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 407