• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жетинчи кабаттан боюн таштап жиберген кыз каза болду

7 Жалган куран 2018 18:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.03.2018.Govori.TV.
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштап жиберген кыз каза болду. Бул тууралуу «Тез жардам» кызматынан билдиришти.
«Баялы Исакеев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бир кыздын кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Биздин кызматкерлер окуя болгон жерге барышканда кулаган кыз каза болуп калган. Учурда аны өлүк сактоочу жайга алып кетишкен. Маркум 18 жашта болгон», — деп билдиришти «Тез жардам» кызматынан.

Окуя бугун, Бишкектин «Туңгуч» кичирайонунун “Ала-Тоо” турак жай комплексиндеги үйдүндө болду. Боюн таштап жиберген кыз 18 жашта болгону айтылууда.

Количество просмотров: 26