• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жигити менен качып кеткен. Таласта кыз ала качкан факт аныкталган жок

11 Бугу 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Талас шаарында кыз ала качкан факт аныкталган жок. Бул тууралуу Талас шаардык милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө 2021-жылдын 6-май күнү 2002-жылы туулган Алия аттуу жаран кайрылып, алардын үйүндө убактылуу жашап жүргөн бир тууган бөлөсү Маликаны Ильгиз (аттары өзгөртүлгөн) аттуу бала Жалал-Абад шаарына ала качып кетти деп билдирген.

Билдирүү ШИИБдин маалыматты эсепке алуу журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Малика Ильгиз аттуу жаран менен жолугуп, ошондон бери телефону өчүрүлүп, байланышка чыкпай жаткандыгын аныкташкан.

Милициянын атайын түзүлгөн тобу тарабынан тиешелүү маалыматтар чогултулуп, факты КЖБРне КР Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Талас шаардык жана облустук башкармалыктын кызматкерлеринен турган ыкчам тобу тарабынан кызды салып кеткен «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаа экендигин такталган.

Милиция кызматкерлери унааны жана Маликаны табууга атайын план түзүшүп, бардык ички иштер органдарына багыттамаларды жөнөтүшкөн.

Алар ошол эле түнү Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынан кармалышкан.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун негизинде аталган унаанын жүргөн жери аныкталып, унаада Малика, аны ала качты деген Ильгиз аттуу жаран жанында эки досу менен кармалышкан. Иликтөө учурунда “ала качылды” делген Малика аман-эсен табылып анын ден соолугуна жана эркиндигине эч ким кол салган эместиги жана ала качуу фактысы болбогону аныкталган.

“Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1998-жылы туулган С.Илгиз Малика менен мурунтан бери Бишкек шаарынан сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүшкөн.

Маликаны келин кылып алабыз деп ата-энелери дагы макулдашып кеткендиги аныкталган. Бирок, макулдашкан убакыттан эрте эле Ильгиз атайын Талас шаарынан аны алып кеткени келгенин айткан”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 236