• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков: Иштейм деген жаштарга ар тараптан колдоо болот

12 Жетинин айы 2018 17:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.11.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 12-ноябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жаштар күнүнө арналган республикалык жаштар конгрессинин делегаттары менен жолукту. Анда республиканын баардык облустарынан 100 дөн ашуун жаш делегаттар келип,  өз ойлору менен бөлүшүштү.
Алардын бири жаш демилгечи Тилек Токтогазиев агрардык тармактагы инновациялар жөнүндө презентация тартуулады.
Президент өз кезегинде жаш демилгечилерге жардам берип колдоо көрүлөөрүн айтып,  сунушталган долбоорлор көз жаздымда калбаарын кошумчалады.
Өлкө башчы коомдо иштейм деген жаштардын көбөйүүсү өлкөбүздүн кең келечегининен кабар берээрин белгилеп өттү.
Өлкө башчыга эң мыкты делген беш долбоор сунушталды. Алар: “Айыл чарбадагы инновациялар”, “Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасы”, “Башкаруунун улуттук корпусу”,”Ачык асман” жана “Социалдык ишкерлик аркылуу социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү” атту болбоорлор болду.

Количество просмотров: 28