• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков: «Кыргыз — Чыңгыз» ар бир инсандын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк

12 Бештин айы 2018 11:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.12.2018.Govori.TV.

Бүгүн, 12-декабрь Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышууда. Жээнбеков мааракеде сүйлөп «Кыргыз — Чыңгыз» деген түшүнүктөр ар бир адамдын, инсандын жүрөгүндөгү ыйык түшүнүк экенин белгилеп өттү.

«Чыңгыз Төрөкулович — кыргыз баласы ааламдык цивилизацияга опол тоодой салым кошо алаарын тастыктады. Айтматовдун улуулугу ушунда — бүтүндөй бир улутту улуу эл катары жер жүзүнө даңазалады. Ал чыгармаларында улутубуздун турмушун жазды, бирок, биздин жашоо аркылуу глобалдык маселелерди койду. Ал кыргыз калкынын башынан өткөн улуу доорду, жыйырманчы кылымдагы маанилүү тарыхый окуяларды сүрөттөдү», — деп билдирди өз сөзүндө өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Эске салсак, Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

Количество просмотров: 25