Жогорку Кеңештин депутаттары 28-ноябрда 2019-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын жана 2022-жылга чейинки бюджеттин болжолун талкуулашууда. Ага өкмөт өкүлдөрү катышып, жалпысынан бул жаатта үч мыйзам экинчи окууга киргизилет.
Парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылкы бюджеттин долбоору талкуу жараткан. Салык чогултуу жаатында сын айтылган.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылга карата бюджет планы менен тааныштырып, тартыштыкты азайтуу саясаты күчөтүлөрүн белгилеген.