Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Интернетте Жогорку Кеңештин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтомунун долбоору пайда болду.

Токтомдо Башкы прокуратуранын бүтүмү эске алынганы жазылган. Ал эми Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси өзүнчө бөлүм менен берилген.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын беш айыбын негиздүү деп тапкан.
Ал эми “бийликти узурпациялап, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, өз режимине каршы чыккан депутаттарды, коомдук ишмер, журналисттерди куугунтуктаган” деген кинеге Атамбаевдин түздөн-түз катышы жок деп табылды.
Эске салсак, ЖК 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганы айтылган.