• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖК депутады өлкөнүн бюджетин толтуруунун дагы бир булагын сунуштады

5 Бештин айы 2018 12:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV.
Жогорку Кенештин депутаты Кенжебек Бокоев өлкөнүн бюджеттин толтуруунун дагы бир булагын сунуштады. Анын айтымында Кыргызстанга кирип жаткан чет элдик жумушчу мигранттарды патент төлөөсүн мыйзамдаштыруу керек дейт.
“Биздин жарандар башка өлкөлөрдө эмгек мигранттары болуп иштеп жүрүшөт. Россияга кирип жатканда патент төлөп, а түгүл орус тилин билеби билбейби экзамен берет. А бизге кирип жаткан эмгек мигранттары да бар, мисалы, Өзбекстандан азыркы маалыматтарга ылайык 100 миңге жакын жараны келип эмгек мигранты болуп иштеп келет. Бирок, мыйзамсыз иштеп келет, алар биздин элибиздин иш ордун ээлеп атат, эч кандай патент төлөбөйт. Мен сунуштап жатам алар кирип жатканда эле патент алдыра турган кылыш керек. Мисалы, айына 500 сом кылсак 100 миңден 50 млн сом ай сайын бюджетке түшөт. Демек бул бир жылда 600 млн сом эбегейсин чоң акча мамлектке түшүп турмак”, деди эл өкүлу.

Количество просмотров: 39