Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирип, жети талапкер арыз тапшырды.

Күн мурун талапкерлигин ѳзүн-ѳзү кѳрсѳтүү тартибине ылайык, Элвира Сурабалдиева, Ахмеджан Мамадумаров, Азамат Абсатаров, Мураталы Керимбаев, Асел Набиева, Улукбек Карыбек уулу жана Болот Ибрагимов арыз берген.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Ар бир округдан үчтөн депутат мандат алат. Саясий өнөктүк 30-ноябрда ѳтѳт.