• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

ЖК депутаттарынын «Достуктагы» кезексиз жыйынына кворум жок

6 Тогуздун айы 202016:39 Бишкек Govori.TV

ЖКнын депутаттарынын «Достук» отелиндеги кезексиз жыйынына кворум жок болгондуктан өтпөй калуусу мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Он чакты депутат келди. Жыйын өтпөй калышы ыктымал. Жыйынга келген депутаттар башка депутаттарды кезексиз жыйынга келүүгө чакырышууда», — деп билдирди Нуракун уулу.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын шайлоодогу лидери Жанар Акаев эртең, 7-октябрда парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү сүйлөшүлүп жатканын билдирген. Ал бул үчүн бардык фракциялардын өкүлдөрү менен байланышып, чукул чогулууга үндөп жатышканын айткан. Анын сөзүнө караганда, жыйында жаңы төраганы шайлап, элдин ишениминдеги Элдик өкмөт куралат.

Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Жогорку Кеңештин жыйындар залы талкаланып, жетинчи кабаттагы бир топ иш бөлмөлөр өрттөлдү.

Количество просмотров: 52