• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

ЖК депутаты Чыныбай Турсунбековдун кылмыш ишине тийиштиги бар болуп калышы мүмкүн

29 Тогуздун айы 201910:38 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура УКМКга Бишкектеги ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкрот болушу боюнча сотко чейинки өндүрүштү жаңылоону тапшырды. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков соцтармакка жарыялады.

Ал КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков рейдерлик жол менен «АкылИнвестБанк» менен Бишкектеги ликер-арак заводун басып алганын айтып чыккан.

Ал эми ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков Govori.TVга бул тууралуу айтып берип, өз дарегине айтылган айыптоолорду четке какты. Анын айтымында Аспеков эмне жөнүндө айтып жатканын өзү жана анын артында тургандар гана билет окшойт, себеби Бишкектеги ликер-арак заводун кандай себептен улам банкрот болгонун ал билбейт.

Количество просмотров: 109