Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жыйында өкмөттүн жаңы 2 мүчөсүнүн талапкерлигин карады.
Тиешелүү комитет вице-премьер-министр кызматына мурунку депутат Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин колдогон. Ал эми эмгек жана өнүгүү министри кызматына вице-премьер-министр кызматынан кечээ бошотулган Аида Исмаилова көрсөтүлдү.
Талаш-тартыш, сын кептер жана 5 мүнөттүк танапистен кийин депутаттар Аида Исмаилованын талапкерлигине кол көтөрүп добуш беришти. 30 депутат «макул» деп добуш бергени айтылды. Ал эми комитеттин чечимин колдоо үчүн эң аз 50 добуш болушу керек. Демек, комитеттин чечими колдоо тапкан жок.
Ал эми Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги колдоо тапты.