• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ЖК комитети 12 жылдык окутуу системасынын долбоорун четке какты

5 Бештин айы 202217:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мектептеги билим берүүнү реформалоо боюнча долбоор талкууланып, четке кагылды. Комитеттин көпчүлүк депуттары долбоордогу мектептерди 12 жылдык окутуу системасына каршы болушту.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов 12 жылдык окутуу системасы замандын талабы экенин, бул долбоордо өлкөдөгү мектепке чейинки даярдык болгон нөлүнчү классты гана мыйзамдаштыруу деп түшүндүрүүгө аракет кылды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу долбоору четке кагылды.

Кошумчалай кетсек, 12 жылдык окуу программасын киргүзүү Билим берүү жана илим министрлигин Алмазбек Бейшеналиев жетектеп турганда көтөрүлгөн. 

Количество просмотров: 92