• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ЖК комитети Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырды

22 Бирдин айы 202216:37 Бишкек Govori.TV

Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин карады.

Абдрахматованы «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциялары көрсөткөн.

Талкуунун жыйынтыгында, комитет акыйкатчы кызматына анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Количество просмотров: 462