• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитети Аскар Акаевдин макамы боюнча арызын карады

24 Аяк оона 202414:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын четке какты. Комитеттин токтомуна ылайык, маселе эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Жыйында депутат Гуля Кожокулова депутаттык комиссия түзүү сунушун айтып, баары мыйзам чегинде каралуусу керектигин белгиледи. Ал эми депутат Жанар Акаев комитеттин чечимин арызды канаттандыруудан баш тартуу сунушун айтты.

Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 140