• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

ЖК комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

29 Жалган куран 2022 10:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп 28-мартта дайындалган.

Бакыт Төрөбаев 1973-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономика факультетин «финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу

1995 — АЗС курууга жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып өткөрүүгө адистешкен өндүрүштүк-коммерциялык «Жамиля жана К» фирмасында директор болуп иштөөдөн баштаган.

1998–1999-жылдары — айыл чарба продукциясын өндүрүүчү «Азия-Сузак» дыйкан чарбасынын төрагасы.

2000–2007-жылдары — «Мариям» ЖЧКсынын ун комбинатынын башкы директору.

2007–2009-жылдары — IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

2009 – 2010-жылдары — Өзгөчө кырдаалдар министри.

2010-жылы — «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

«Республика» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон.

2013-жылдын мартынан баштап, «Республиканын» катарынан чыгып, өзүнчө «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык тобун түптөгөн.

2015-2021 — «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынын тизмесинен шайланган.

Количество просмотров: 161