Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Жылдыз Полотованы дайындоого макулдук берди.
7-июнда Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.