• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

ЖК комитети Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына сунушталган депутаттардын талапкерлигин жактырды 

21 Бугу 202412:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына шайлоо жана бекитүү үчүн көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын талапкерлиги каралды.

Талапкерлер тууралуу комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Комитет КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына шайлоо жана бекитүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиевдин («Элдик»), Гуля Кожокулованын («Бүтүн Кыргызстан», «Альянс»), Балбак Түлөбаевдин («Ынтымак») талапкерлерлигин жактырды.

Андан соң талапкерлер парламенттин кароосуна жиберилет.

Количество просмотров: 59