• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖК комитети тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууга макулдугун берди

4 Тогуздун айы 202118:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карады.

Депутаттарга Экономика жана каржы министри Руслан Татиков маалымат берип, 51,1 млн. долларды төлөө жылына эки пайыз менен 6 жылга жылдырылып жатканын билдирди.

Тактоо иретиндеги айрым суроолордон соӊ депутаттар ЖК комитети тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууга макулдугун берди.

Количество просмотров: 135