• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитети ЖМК боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

11 Бирдин айы 202511:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 11-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Количество просмотров: 150