• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖМК боюнча жаңы долбоор иштелип чыкты

25 Кулжа 202413:17 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар жана медиакоомчулук менен бирге толукталып иштелип чыкканын билдирди.

Документ 28-июнда Улуттук тарых музейинин чоң залында талкууланат. Министрлик ага Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар чакырылганын кабарлады.

ЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, ага журналисттер, юристтер жана башка адистер да кошулуп, жумушчу топко маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жетекчи болгон.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

Количество просмотров: 109