Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 11-майдагы жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылды.
Депутаттарга вице-премьер-министр Аида Исмаилова баштаган өкмөт өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштер, коронавируска каршы күрөш тууралуу маалымат беришти.
Комитет мүчөлөрү акыркы кырдаалга жараша өкмөттүн иши көптүгүн эске алуу менен отчетту кабыл алып берүү тууралуу чечимге келишти.
Кошумчалай кетсек, парламент комитеттеринен кийин өкмөттүн отчету 14-майдагы жалпы жыйында каралат