• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«ЖК сабаттуулугун көрсөтүп эле келе жатат». Төрага менен Мадумаров жыйында айтыша кетти

3 Бугу 202310:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карап жаткан учурда ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Адахан Мадумаровдун ортосунда кайым-айтышуу орун алды.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров Акыйкатчынын өзүнө сөз берип, анын да пикирин угууга чакырды.

«Бир эле фракция келип кызматтан кетсин десе эле кызматтан алып салабызбы?», — деген суроо салды.

Ага жооп берген ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Атыр Абдрахматованы расмий чакыртылганын айтып, бирок келбей когонун билдирди.

Количество просмотров: 408