• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

ЖК шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун 3 окууда жактырды

22 Тогуздун айы 2020 18:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 5 млн. сомдон 1 млн. сомго азайтуу сунушталган.

Демилге бүгүн дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 84 депутаттын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Аталган мыйзам долбоорун депуттар Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаевдер демилгелеген.

Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 134