• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖК шайлоо босогосун түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт

4 Кулжа 2020 9:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш бүгүн «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт.

Анда парламенттик шайлоонун босогосун тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү сунушу камтылган. Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү 5 миллион сомдон бир миллион сомго азайтуу жөнүндө сунуш да бар.

Шейшембиде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети аталган мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алган.
14-майда мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн.

Ал күнү шайлоо босогосун 5% түшүрүүнү сунуштап мыйзам долбоорун жазган депутаттар төрагага нааразылык билдирип, натыйжада кайым айтыш чыккан. Айрым депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун ишин иликтөөчү комиссия түзүүнү сунуш кылышкан.
Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайызга жетип, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Келерки парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Количество просмотров: 54