Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу ишинде этият болууга чакырды.
Төрага өкмөт айрым учурларда аша чаап кетип жатканын билдирди.
“Тиричилигин тынч кылып жаткан элди козутуп коюп атышат. Жолго чыгып кеткен курулуштарды эл өзү деле бузуп, ирээтке келтирүүгө макул. Элди көп козутпай ушуну этият кылыш керек”, – деди ал.