• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

ЖК Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызматынан бошотту

3 Чын куран 202512:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени карады. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров белгилегендей, аталган маселеге Вадим Садовниковдун кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгон.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынып, эл өкүлдөрү Вадим Садовниковду Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотууну колдошту.

Количество просмотров: 229