Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы вице-премьер-министр жана саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна талапкерлерди карады. Талапкерлерди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.
Социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова («Республика – Ата Журт»), ал эми саламаттыкты сактоо министри кызмат ордуна Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги каралууда.
Премьер-министрдин айтымында, Алтынай Өмүрбекова (вице-премьер министр) жана Космосбек Чолпонбаев (саламаттыкты сактоо министри) кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан. Алардын өтүнүчү кабыл алынып, эртең менен кызматынан бошотулган.
Жыйындын жыйынтыгында көпчүлүк коалиция талапкерлерди жактырды.