• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖКда 3 депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган депутаттык комиссия түзүлдү

1 Бештин айы 2021 12:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим парламенттин 1-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Комиссияга алты фракциянын бешөөнөн бирден, КСДП фракциясынан эки депутат кирди.

Депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев берген.

Жогорку Кеңеш камакта жаткан Жээнбеков менен Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин 26-ноябрда кезексиз жыйынында карамак. Бирок кворум чогулган эмес.

Эки депутат «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып камалган. 25-ноябрда Биринчи май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узартты.

Ал эми Бакытбек Жетигенов «Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармалып, 27-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин камалды.

Количество просмотров: 57