Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн, Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу маселеси каралат. Түзүлгөн атайын комиссиянын кабыл алган корутундусу эл өкүлдөрүнө сунушталат. Бул тууралуу маалымат парламенттин күн тартибине киргизилген.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча комиссия түзүлүп, демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор 6 пунктга кыскарган.