• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖКда депутат сатылды делген 19 тонна алтын боюнча кеп козгоду

1 Аяк оона 2022 12:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов сыртка сатылды делген 19 тонна алтынга байланыштуу суроо салып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон маалымат сурады.

«Биз бир жылдык отчетубуз менен келебиз. Экинчи сессияда бизди чакырып, суроолорго жооп алууга сиздерде далай мүмкүнчүлүк болот. Алтын тууралуу сиздерге жооп берүүгө даярбыз. Маалымат агенттиктердин бири-бирибизди тукуруп, ошол алтындын тегерегинде чырылдашып калсын дегенине жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да»,-деди Жапаров депутаттын суроосуна жооп берип жатып.

Количество просмотров: 569