Жогорку Кеңештеги “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу депутаттык топтун жетекчиси кызматтан кетти. Бул тууралуу 31-октябрда парламенттин жалпы отурумунда спикер Нурланбек Шакиев билдирди.
“Мекенчилдин” лидери болуп Токтогул бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп келген Кундузбек Сулайманов шайланды.
Ал парламенттин 30-октябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан чыгып, “Мекенчил” депутаттык тобуна мүчө болгонун айткан.