• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖКга шайлоо: Талапкерлер тизмедеги орун үчүн 1 миллион доллар төлөөгө даярбы?

13 Теке 2021 13:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июлда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап жатат.

Комитеттин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов шайлоо процесси башталаары менен саясий партиялардын лидерлери үчүн «бизнес сезон» башталаарын билдирди.

«Кечээ мына сиз да катышкан жыйында бир париядан келген жигит, » мурунку «алтын ондуктун» ордуна партиялык тизмеде «алтын үчтүк» болот экен бул мыйзам менен деп ачык айтты, аны сиз да уктуңуз. Мурун 300-500 миң жоллар болсо, азар 1 млн.доллар болот экен деп айтты. Күздөгү шайлоого. Партиялардын ичиндеги чечим ачык болуш керек. Тизмелерди кандайдыр бир көзөмөлдөө механизми болушу керек», — деди Нышанов.

БШКнын төрагасы Нуржан Шилдабекова бул сунушту колдоп, партиянын ички чечимдери ачык-айкын болушу керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 256