Бишкекте жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн айыппул төлөбөгөн айдоочулардын унааларын атайын токтотмо жайга алып кете башташты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жумада жол эрежесин бузуу боюнча 4 122 учур катталып, айыппулу төлөнбөгөн 20 автоунаа атайын токтотмо жайга киргизилген.
ЖКККББдан белгилешкендей, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып бир айдын ичинде төлөнүшү керек. Эгер эреже сакталбаса, аталган кызмат унааларды атайын токтотмо жайга алып кете алат