Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Шайырбек Бопонов жана анын орун басары Мирлан Чалыбаев милициянын жаңы түзүлгөн Кайгуул кызматынын башкармалыгына сынак тапшырып өтпөй калды. ЖКККББнын расмий сайтындагы маалыматта сынактан 102 талапкер кулаганы көрсөтүлөт.
Алардын катарында Бопоновдун орун басары Мирлан Чалыбаевди дагы көрүүгө болот.
Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, Бишкек шаарында Кайгуул милициясы түзүлөт. Пилоттук долбоордун 2019-2020-жылдарга карата планы бекитилип, долбоор алгач Бишкекте өтүп, кийин ал башка аймактарга жайылтылмакчы.
Кошумчалай кетсек, милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына иштөө үчүн 1500 киши арыз берип, ЖРТ тапшырышкан. Ал эми тандоодон өткөндөр ИИМ Академиясында үч айлык окуудан өтөт.