• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

ЖККУнун жыйыны. Милициялар үчүн жылынуучу жана ысык тамак-аш ичүүчү пункттар курулат

26 Жетинин айы 201911:23 Бишкек Govori.TV

Милиция Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынын өткөрүүгө толугу менен даяр. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Чүй облустук ИИББнин жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Сапарбек Асаналиев билдирди.

Анын айтуусунда, жеке курам кызмат өтөөгө даяр.

«Иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөбүз. Милиция кызматкерлери үчүн жылынуучу жана ысык тамак-аш ичүүчү пункттар каралган. Андан тышкары, «Манас» аэропортунун жанында атайын чатырлар тигилет», — деди Асаналиев.

Эске салсак, 27-28-ноябрда Бишкекте ЖККУнун кезектеги жыйыны өтөт.

Количество просмотров: 126