• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирус жуктурду

18 Кулжа 202022:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Ушул дем алыш күнү температура болгондугума байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жаткамын. Эртең жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле доктурларым менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын контактыда болгон Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанттык иш тартибине өтүүдө. Биз менен чогуу аппараттын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар да бүгүн кечке маал тест тапшырышты. Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот. Карантин учурунда бир дагы кесиптешим менен кол алышып учурашкан эмесмин, жумуш маалында ар дайым антисептик, беткап колдонуп келгемин. Тилекке каршы, аяган көзгө чөп түшөт дегендей, бул өзүм жана үй-бүлөм үчүн абдан өкүнүчтүү окуя болду», — деп жазды ал.

Количество просмотров: 150